​Чоң-Кеминде токойдон өрт чыкты

  • 3 года мурун

Чоң-Кемин өрөөнүндө Кайыңды айылынын Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн жана чычырканактан өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө Кемин районунан 28 куткаруучу, токой чарба кызматынан 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 40 киши тартылды. Өрттү өчүрүүгө саат 6:30да КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы баштаган төрт офицердик курам жана Кемин, Чүй, Токмок ш. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулары жалпы 50 кызматкер, ошондой эле КДМБдан (Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор) 30 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан болжол менен 100 жаран, экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен (ГКЭК) 80 кызматкер, Токой чарба агенттигинен 20 кызматкер болуп чыгып кетишти.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 40 гектар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты