​Мектепте 10 жыл иштеген мугалимдерге 1 миллион сомдон төлөп берүү сунушталууда

  • 3 года мурун

Депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев «Мугалимдин макамы тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунушташты. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, республикалык же эл аралык олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучуну даярдаган мугалимдерге үч айлык маянасы өлчөмүндө сыйакы берилет.

Мындан тышкары жалпы билим берүү мектептеринде 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимге 1 миллион сом (10 миң эсептик көрсөткүч же 12 миң доллар) өлчөмүндө бир жолку сыйакы төлөп берүү сунушталууда.

Документте сый акы берүүнүн тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныкталары белгиленген.

Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мектептердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, мугалимдерге турак-жай маселесин чечип алууга жардам берет деп эсептешүүдө.

Буга чейин Кыргызстандагы мектептерде жалпысынан 2 миң мугалим жетишпей турганы кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты