Аткезчилик менен алынып келинген алкоголдук ичимдиктердин партиясы аныкталды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандын аймагына алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз алып өтүп, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ири соода түйүндөрү аркылуу сатып жаткан туруктуу каналды аныктады.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 4-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылындагы кампалардын биринде жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында ар кандай аталыштагы 10 миңге жакын жасалма акциздик маркалары бар, жалпы баасы 10 миллион сомго жакын алкоголдук продукция табылган.

Бул продукциялардын ар бири Бишкектин базарларында 1000 сомдон 3000 сомго чейинки баада сатылат.

УКМКнын билдирүүсү боюнча, учурда бул аткезчиликтин мамлекетке келтирген зыянын баалоо жана ага бийлик өкүлдөрүнүн катыштыгы болуп-болбогондугун аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты