COVID-19’дун жаңы 100 учуру катталып, 3 бейтап каза тапты
- 3 года мурун
2021-жылдын 7-сентябрына карата Кыргызстанда COVID-19’дун жаңы 100 учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 40;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 26;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 19;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 4.
Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлардын жалпы саны 176 682ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 121. Бардыгы болуп 170 745 киши айыгып чыкты.
Каза болгондордун саны — 3. Жалпы — 2557.
Стационарда 788 жана амбулатордук түрдө 1139 адам дарыланып жатат.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү