​Орусияда чет өлкөлүк мигранттарга электрондук чип берүү сунушталды

  • 3 года мурун

Орусия өлкөгө үч айдан ашуун убакытка келген эмгек мигранттарына жана чет өлкөлүктөргө сүрөттүү пластик чип карталарды берүүнү сунуштоодо.

Орусия Ички иштер министрлигинин (ИИМ) сайтына жарыяланган документке ылайык, картада чет өлкөлүк жарандын жеке маалыматы – аты-жөнү жана башка реквизиттери болот. Электрондук чипте чет өлкөлүктүн дактилоскопиялык каттоодон (манжа изи) өткөнү жөнүндө да маалымат сакталат.

Өлкөнүн ИИМинин буйругу 2021-жылы 29-сентярбда күчүнө кирери болжолдонууда. Ушул тапта долбоор коомдук талкууга алынып, коррупцияга каршы көз карандысыз экспертизадан өтүп жатат.

Орусиялык басылмалар кабарлагандай, буга окшогон электрондук документ өлкөдө узак убакытка кала турган чет өлкөлүктөргө он жылга берилет. Андан соң аны алмаштыруу керек болот. Мындан тышкары Орусияда мигранттардын электрондук каттоосун киргизүү сунушталууда, атайын реестрде иш берүүчүлөр да болууга тийиш.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты