​Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору колго алынууда

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиевди кабыл алды.

Коркунучтардын алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына өзгөчө токтолду.

«Бул үчүн биз Кыргызстан Ислам университетинин базасын бекемдешибиз керек. Мындан башка Бириккен Араб Эмираттарынын «Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян» фондусунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору быйыл колго алынууда» деди Садыр Жапаров.

Муфтий Ракиев мамлекет башчынын диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керектиги тууралуу пикирин колдоду. Анткени дал ушул сабатсыз пропагандисттердин айынан карапайым калк исламда болбогон, бурмаланган же туура эмес идеяларды өздөрүнө сиңирип алышууда. Ал Ислам академиясын куруунун маанисин белгиледи.

Муфтийдин айтымында, учурда республикада 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт.

Бул тууралуу Президенттин басма сз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты