«Ийгиликке кадам» II медиафоруму Нарын шаарында өткөрүлөт

  • 3 года мурун

8-9-сентябрда «Ийгиликке кадам» II медиафоруму Нарын шаарында өткөрүлөт.

«Ийгиликке кадам» медиафоруму– кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет.

Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” коомдук бирикмесине таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу облустардын биринде өткөрүлүп турат. I Медиафорум 2019-жылы Ош шаарында өткөрүлүп, ал өлкөбүздүн ийгиликүү медиаларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган.

Нарында экинчи медиафорумдун өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги программалык офиси, жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүшүүдө.

Медиафорум “Фейсбукта” түз эфирде көрсөтүлөт

Медиафорум “Журналисттер” коомдук бикримесинин фейсбуктагы баракчасында (https://www.facebook.com/journalist.kg/) түз эфирде көрсөтүлөт.

Форумда бир убакта эки башка темага арналган сессиялар жанаша өткөрүлө тургандыктан, фейсбук баракчада да эки түз эфирдин уюштурулушу каралган.

Сессиялардын аталыштарын жана өтө турган убактыларын бул жерден көрө аласыздар — http://kadam.hostenko.net/.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты