КМШ оюндарында балбан Калмира Билимбек кызы алтын байге алды

  • 3 года мурун

Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы КМШ мамлекеттеринин оюндары эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.

Мелдештин алтын байгеси үчүн финалдык беттеште кыргызстандык балбан россиялык Александра Скиренкону жеңип алды.

Мелдеш ушул күндөрү Россиянын Казань шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча 55 килограмм салмакта ат салышкан. Бул Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы үчүн биринчи алтын байге болду.

КМШ оюндары быйыл алгачкы ирет уюштурулуп, өткөрүлүп жатат. Ага Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмуна кирген өлкөнүн спортчулары катышат.

Эскерте кетсек, Кальмира жакында эле өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты