Электр энергиясына карызы барлардын жарыгы өчүрүлө баштайт

  • 3 года мурун

Бишкекте 6-сентябрдан тарта карызы бар 7,2 миң абоненттин электр жарыгы өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, электр жарыгы үчүн карызы барлардын жарыгы акылдуу эсептегичтердин жардамы менен өчүрүлмөкчү. «Түндүк электр» ишканасы карыздын жалпы суммасы 6,4 миллионго жеткенин айтып, шаардыктарды андан кутулууга чакырды.

Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн компаниянын se.kg сайтында «Абоненттин балансы» бөлүмү түзүлгөн. Ал жакка каалаган убакытта кирип жеке эсептин абалын текшерсе болот. Мындан сырткары, эсеп балансын 1209 кыска номерине чалып же (0551) 00-12-09 WhatsApp-номерине жазып сурап билүүгө мүмкүн.

Электр жарыгын колдонуучуларга тез аранын ичинде жеке эсебин текшерип, карыздан кутулуу эскертилди. Карыздан Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), MegaCom, «О!», «Оңой» төлөө терминалдарынын жардамы менен «О!», «MegaPay», UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары аркылуу кутулса болот. Ошондой эле «РСК Банк», «ДосКредоБанк», «Керемет Банк», «Бакай Банк», «Кыргызстан коммерциялык банкы», «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк» банктарынын кассаларына же «Кыргыз почтасына» төгө аласыздар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты