ӨКМ: Бир ай мурда Чычкан суусуна түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды

  • 3 года мурун

Бир ай мурда Чычкан суусуна түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматта белгиленгендей, 102 кызматынан Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында (Эликти тилкеси) Чычкан суусунда аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган В.Д. аттуу аял 2021-жылдын 1-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Мраморный тилкеси) Чычкан суусуна агып кеткен. Издөө иштери 20-августка чейин жүргүзүлүп суу тартылганга чейин убактылуу токтотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты