“Түштүк – 2021”командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусу аяктады
- 3 года мурун
Баткен жана Ош облустарында «Түштүк-2021» деп аталган командалык штабдык мобилизациялык машыгуу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага Коргоо министрлиги, ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматынан 200 кызматкер жана 1 500 жаран катышкан.
Коргоо министри Таалайбей Өмүралиев машыгуу аяктагандан кийинки салтанатта мындай иш-чаранын мааниси зор экендигин айтып, катышкандардын жогорку жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгиликтерди каалаган.
Ал эми «Түштүк-2021дин» өзгөчөлөнгөн катышуучуларына министрликтин атынан грамота тапшырылган.
Машыгуунун жүрүшүндө ресурстарды мобилизациялоо боюнча комплекстүү иштер кандай жүргүзүлүшү керектиги көрсөтүлгөн. Катышуучулар менен тактикалык жана согуштук даярдык жаатында сабактар өткөрүлгөн.