Депутат Рыскелди Момбековдун таксистке кол көтөргөнү айтылууда

  • 3 года мурун

4-сентябрда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Рыскелди Момбеков таксист менен чырдашып, ага кол көтөрдү деген маалыматтар чыкты. Бул тууралуу жергиликүү маалымат каражаттары билдиришти.


ИИМ тараткан маалыматка ылайык, 3-сентябрда саат 16:50 чамасында 102 кызматы Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде кишилер чырдашып жатканы жөнүндө кабар түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, BMW машинесин айдаган 27 жаштагы С.И. аттуу кишини Биринчи Май ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Ал «Р.М. аттуу жаран жана анын жансакчысы денеме залал келтирди» деп арыз жазган.

Бирок депутат Рыскелди Момбеков АКИpress маалымат агентигине окуя боюнча комментарий берип, айдоочуга кол көтөрбөгөнүн айткан.

“Ал жол эрежесин бузду. “Коопсуз шаардын” камераларынан караса болот. Мен машинеден түшкөн эмесмин”, — деген Момбеков.

Азыркы учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты