Соттордун чечими жокко чыгып, Келдибековдун иши кайра каралмай болду

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековго карата чыккан райондук, шаардык соттун өкүмдөрүн жана Жогорку соттун (ЖС) токтомун быйыл, 18-августта, Жогорку соттун өзү кайрадан жокко чыгарды.

Саясатчы жана парламенттин мурдагы төрагасына байланыштуу ишти эми кайрадан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карай турган болду. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлап, ишти кайра кароо жаңы ачылган жагдайлардан улам болгонун айтты.

«Ахматбек Келдибековго карата чыккан Биринчи май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмү, аны менен катар эле Жогорку соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы токтомун 18-августта Жогорку сот жокко чыгарды», — деп жазылган таратылган маалыматта.

Келдибековдун ишин жаңыдан пайда болгон жагдайлардан улам кайра кароого берилген сунуштама мамлекеттик күнөөлөөчүнүн ишти кайра кароо зарылдыгы жана соттун биринчи инстанциясына жөнөтүү бүтүмүнүн негизинде ЖСтин коллегиясы тарабынан канааттандырылган.

Эскерте кетсек, Келдибеков 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылдары Салык кызматын башкарган убагында коррупцияга барган жана ЖКнын спикери кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.

Ага Кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин төртүнчү бөлүгү («Кылмышка шериктеш болуу»), 303-беренесинин биринчи бөлүгү («Коррупция»), 304-беренесинин төртүнчү бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты