8-сентябрда Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт

  • 3 года мурун

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Жалал-Абад” газ бөлүштүрүүчү станциясында оңдоо иштери жүргүзүлөрүнө байланыштуу 8-сентябрда саат 07:00дөн 21:00гө чейин Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт.

Мындай иштер Газ бөлүштүрүүчү станциянын иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында жана күзгү-кышкы жылытуу сезонундагы жогорку жүктөм учурунда жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн өткөрүлөт.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты