Жалал-Абадда жыл аягына чейин үч мектеп пайдаланууга берилет

  • 3 года мурун

Жалал-Абадда жыл аягына чейин үч мектеп пайдаланууга берилмекчи. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы жалпы билим берүүчү мектептердин 2021-2022- жаңы окуу жылына карата утурумдук ремонтуна, материалдык-техникалык базаларын бекемдөөгө республикалык бюджеттен 18 766271 сом, жергиликтүүбюджеттен 52 млн 295 миң 896 сом акча каражаттары жумшалды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын бекемдөөгө, утурумдук оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Жаңы окуу жылына карата Ала-Бука районундагы 225 орундуу №5 Ы. Чангылов атындагы орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүндөгү 275 орундуу У. Абдукаимов, Барпы айыл өкмөтүндөгү 320 орундуу Комсомол, Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүндөгү 125 орундуу Р. Исаков орто мектептеринин пайдаланууга берилүүсү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 475 мектеп бар

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты