“Коопсуз шаар — 2”: Ошто камераларды коюу үчүн тирөөчтөр орнотулду

  • 3 года мурун

“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин экинчи этабын ишке ашыруу алкагында Ош шаарынын жолдорунун 11 кесилишинде жол кыймылынын эрежелери бузулушун фото-видео фиксациялоо үчүн камераларды коюу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Долбоорго ылайык, шаардын 35 негизги кесилиштеринде 600дөн ашык аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу пландаштырылган. Алар онлайн режиминде жолдордогу жол кыймылынын эрежелерин бузулушун каттайт (видеокамералар адамдарды таануу функциясы менен мыйзамсыз токтоону каттаган, 360 градус айлануучу камералар).

Фото-видео комплекси видео-алитикалык алгоритмдердин эсебинен эреже бузууларды каттап, далил базасы катары сүрөттөрдү жана видео жазууларды архивдештирет. Камералар тарткан объекттерди жана окуяларды таанып, аларды эсинде сактап жана топтолгон маалыматтарды Мониторинг борборуна жөнөтөт.

Борбордук сервердин ишин жеңилдетүү үчүн маалыматтарды баштапкы иштеп чыгуу үчүн Ош шаарында көмөкчү мониторинг борборун ачуу пландалууда. Башкы Мониторинг борбору Бишкек шаарында жайгашкан, ага аппараттык — программалык комплекстердин маалыматтары келип түшөт. Видеоматериалдар ай сайын жаңыртылып турат.

Жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөө автоматтык түрдө айдоочуларды тартипке салып, бош участкалардагы ылдамдык режимин турукташтырат.

Маалымат үчүн: “Коопсуз шаар” — бул өлкөнүн жолдорунда жол кырсыктарынын санын кыскартуунун натыйжалуу жолдорунун бири жана шаардын интеллектуалдык транспорт системасынын ажырагыс бөлүгү. «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу республикалык бюджеттен каржыланбагандыгын белгилейбиз.

Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы штаттык режимде иштеп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты