БАЭнин делегациясы Кыргызстанга инвестициялоого кызыкдар

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар жана даяр экенин айтты.

“Өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзгөн өндүрүш компанияларынын үзгүлтүксүз иштешине жана алардын туруктуу өнүгүүсүнө бардык тийиштүү шарттар түзүлүп берилет. Ал эми инвесторлорду колдоо жана коргоо маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат”, — деп ишендирди мамлекет башчысы.

Сухейл Мохаммед Аль Мазруи анын визитинин максаты эки тараптуу кызматташтыкты өстүрүү жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу экенин белгиледи. Сухейл Мохаммед Аль Мазруи билдиргендей, эмират тарапта БАЭге товарларды жеткирүүнү жолго коюу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүндө соода-логистикалык борборлорду түзүү боюнча пландары бар.

Белгилей кетсек, БАЭ делегациясы президент Садыр Жапаров менен БАЭнин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында келди

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты