“Коопсуз шаар”: жаңы камералар орнотулууда

  • 3 года мурун

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1-сентябрдагы маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 16 кесилишке, Ош шаарында 11, Токмок шаарында 6, ал эми Кант шаарында бир кесилишке камера түркүктөрү орнотулду.

Маалыматка ылайык, «Г» формасындагы ар бир түркүккө үчтөн камера бекитилген. Алардын бири жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Жол сызыктарынын, жөө адамдар өтүүчү жана веложолдорду тебелеген, каршы тилкеге чыгып туура эмес жерден кайрылган, ылдамдыкты көбөйтүп, жол чырактын талабына көңүл бурбагандарды каттайт.

Экинчиси, унаалардын агымына байкоо салат. Ылдамдыкты өлчөп, машинелердин мамлекеттик номурларын сүрөткө тартып, эреже бузгандарын «Коопсуз шаар» долбоорунун базасына киргизет.

Үчүнчүсү, жалпы көрүнүштү тартып берет. Токтотууга тыюу салынган жерге коюлган машинелерди аныктап, «Коопсуз шаар» долбоорунун базасына жиберет. Көзөмөл камералары күнү-түнү иштейт.

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштады. Долбоордун биринчи этабын ишке ашырган орусиялык “Вега” компаниясы 35 миллион долларга Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Анын 90у стационардык, 20сы көчмө аппараттар. Кийинчерээк бул камералардын саны көбөйгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты