“Түштүк-21”: Баткенде аскердик машыгуу өтүүдө

  • 3 года мурун

2-4-сентябрь күндөрү Баткен жана Ош облустарында өтө турган машыгууга Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын 200дөн ашуун аскерлери, 1,5 миңдей киши катышат.

Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу 2-сентябрда Баткенде башталат.

Коргоо министрлигинин маалымдашынча, машыгуунун максаты — аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, элдин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү.

7-9-сентябрда Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусу өтөт. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өтөт.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты