БШК: Парламенттик шайлоого катышууну каалаган сегиз партия катталды

  • 3 года мурун

28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына сегиз саясий партия кайрылды. БШКнын 1-сентябрда маалымдаганы боюнча, «Ата-Мекен» партиясы сегизинчи болуп катталды.

Буга чейин шайлоого катышуу үчун, Социал-демократтар, «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Кыргызстан Жашылдар партиясы, «Жаратман эл» жана “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиялары» арыз менен кайрылган.

Боршайком бекиткен календарлык планга ылайык, 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн партиялар 3-сентябрь, саат 18:30га чейин расмий билдирүү калтырышы керек.

Шайлоого талапкерлерди каттоо 28-октябрга чейин жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты