Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы тыныгуудан кийин алгачкы сессияга чогулушту

  • 3 года мурун

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары жайкы тыныгууан кийин алгачкы жыйынга чогулушту. Жыйын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен башталды.

Жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүнкү күндөн баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, фракциялардын жана комитеттердин иштери башталарын билдирди.

Эске сала кетсек, депутаттар каникулга 30-июнда тараган. Бирок, төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңешинин регламентине , 5-30-июль аралыгында ЖКнын кезектеги сессиясын чакырган. Ага Конституциянын өзгөрүшү менен өлкөдөгү эпидемиологиялык абал себепкер болгон. 29-июлда депутаттар келип түшкөн мыйзамдарды, Баш мыйзамды кабыл алып, кайрадан эс алууга кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты