23 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү тебелеп, тамактануучу жайды сүздү

  • 3 года мурун

Бишкекте 31-августта таңкы саат 06:50 чамасында “Мерседес Бенц” унаасын башкарып бара жатып шаардын 23 жаштагы тургуну жол кырсыгына кабылган.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, А.А. аттуу айдоочу Юнусалиев көчөсү менен түштүк багытта бара жатып унаасын башкара албай обочодо турган жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Андан соң ошол жердеги тамактануучу жайды сүзүп токтогон. Ведомстводон билдиришкендей, айдоочу мас абалда болгон.

Кырсыктын натыйжасында 39 жаштагы Ч.И. аттуу жөө жүргүнчү №4 Бишкек шаардык ооруканасына жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жол кырсыгы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты