Ош шаарынын мериясы Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир жана 10 миң доллар берди

  • 3 года мурун

Ош мэриясы Акжол Махмудовго 10 миң доллар жана 2 бөлмөлүү батир тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган гала-концерттин алкагында шаар мэри Алмаз Мамбетов Олимпиада оюндарына токтолуп, ар бир спортчуга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, майрамдык иш-чаранын коногу, Токио-2020 оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовго 2 бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлык тапшырды.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медаль тагынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты