Статистика: Covid-19дун 142 учуру катталды. 4 бейтап каза тапты
- 3 года мурун
2021-жылдын 1-сентябрына карата Кыргызстанда COVID-19дун 142 жаңы учуру катталды.
Анын ичинде:
Бишкек – 70;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 18;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 35;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 10.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 75 876 га жетти. Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны –290 киши. Айыгып чыккандардын жалпы саны -170 067 киши.
Каза болгондор — 4. Өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны – 2532. Стационарда 1036 жана амбулатордук түрдө 795 бейтап дарыланып жатат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү