Көк-бөрү боюнча президенттин кубогунун финалына “Ынтымак” менен “Сары-Өзөн” чыкты

  • 3 года мурун

Көк бөрү боюнча Кыргызстан президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдештин 2021-жылдагы жогорку лигасынын финалында «Ынтымак» (Талас) менен «Сары-Өзөн» (Чүй) командалары беттешке чыкты.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу оюн болгон эмес.

Ысык-Көлдө өлкө президентинин кубогуна арналган эл аралык бул мелдеш быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өтүп жатат.

Мелдештин тарыхында алгачкы жолу эл аралык лига уюштурулуп, ага Орусиядан, Өзбекстандан келген үч команда катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты