Садыр Жапаров элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушту

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 30-августта өлкө Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына кайрылуусунда өлкө тарыхый тандоосун 1991-жылдын ошол оор күндөрүндө, Советтер союзу мамлекет катары жок болуу алдында турган кезде, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясында «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларациясы» тууралуу токтомду кабыл алуу менен өзүнүн эгемендүүлүгүн жана суверендүүлүгүн жарыялаганын баса белгиледи.

Президент суверендүүлүк жана демократия жолун тандап алган Кыргызстандын эгемендик мезгил ичиндеги жетишкендиктерин белгиледи.

Анын сөзү боюнча, оптималдуу өнүгүү моделин издеп, өлкө ар кандай сыноолорго кабылды, өйдө-ылдый жагдайлар болду, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар кандай деңгээлде таасирин тийгизди.

Эске сала кетсек, быйыл Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты