Жапаров: чек ара маселесинде өз ара сый приницибинде сүйлөшүүнү улантабыз

  • 3 года мурун

Өлкө Президенти Садыр Жапаров Садыр Жапаров Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына карата элчилер, эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда кошуна өлкөлөр менен болгон чек ара маселелерине токтолду.

Өзбекстан менен чек ара маселелерин тактоо жигердүү жана өз ара түшүнүшүү духунда бара жатат, ал эми Тажикстан менен бири-бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинин негизинде сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз зарыл экенин Жапаров билдирди.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган ачык, тең салмактуу жана тышкы саясатты тынч жүргүзүү улантыларын белгилегенин билдирди.

Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тарта коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин чечүү артыкчылыктуу багыт болгондугун баса белгилеп кетүү маанилүү деп эсептээрин айткан. Бул региондо коопсуздуктун жана туруктуулуктун жалпы мейкиндигин түзүүнүн ишенимдүү пайдубалы болуп калууга тийиш деп санаарын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты