Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте өтө турган иш-чаралардын тизмеси
- 3 года мурун
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына байланыштуу борбор калаанын ар бир районунда маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек шаарынын ар бир району өзүнүн аймагында маданий программаларды, спорттук мелдештерди, түрдүү сынактарды, көргөзмөлөрдү уюштурат. Билдирүүгө ылайык, 31-августтагы майрамдык салтанаттарга шаар тургундары жана меймандары катыша алат.
Ленин району:
- Саат 15:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң концерт болот. Ошондой эле анын жанына алты боз үй тигилип, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлөт.
Свердлов району:
- Саат 11:00дөн 13:00гө чейин Жеңиш аянтында ашпозчулар арасында палоо фестивалы уюштурулат. Андан сырткары, асфальтка сүрөт тартуу, бий боюнча сынактар жана спорттук мелдештер өтөт.
Октябрь району:
- Саат 13:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында «Шайыр балалык» балдар чыгармачылык борборунун, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт болот. Ошол эле жерде тамак-аштардын көргөзмөсү, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары жана сүрөт тартуу боюнча сынак өтөт;
- 11:00дө Көк-Жар 3 кичи районунда боз үйлөр тигилип, жергиликтүүлөр конокторду кабыл алат. Ошол эле маалда №6 жана №10 муниципалдык аймактык башкармалыгы концерт жана спорттук иши-чараларды уюштурат;
- 10:00дө Тунгуч кичи районундагы № 73 орто мектебинин жанында, 13:00дө Көк-Жар конушунун Куйручук көчөсүндөгү боз үйлөрдө меймандарды кабыл ала
баштайт.
Биринчи май району:
Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында саат 10:00дөн 19:00гө чейин «Оймо» элдик кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси, этнокөргөзмөсү болот.
Ошондой эле ал күнү майрамдык салтанатта тамак-аш, кийим-кече, кол эмгек, сүрөттөрдүн көрсөтмөсү да каралган:
- 12:00дө Жаманбаев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- 14:00дө Манас проспекти менен Боталиев көчөсүнүнүн кесилишиндеги паркта;
- 10:00дө Махатма Ганди көчөсүндөгү жаштар паркында;
- 14:00дө Бакай-Ата жаңы конушундагы №83 орто мектебинде.
Муну бөлүшүү