Экс-депутат Равшан Жээнбеков Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүгү менен куттуктады

  • 3 года мурун

СИЗО-1 убактылуу абак жайында жаткан экс-депутат Равшан Жээнбеков Кыргызстанды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

Равшан Жээнбеков өзүнүн куттуктоосунда майрамдын маанилүүлүгүн белгилеп, биз сыяктуу советтик кырамдан чыккан айрым өлкөлөр социалдык жана саясий жактан өнүккөнүн белгилеп а Кыргызстан авторитардык режимден чыга албай дүйнөдөгү эң жакыр, алсыз өлкөлөрдүн катарында экенин айтты.

“Бир адамдын башкаруусу, эгер ал адам өтө акылман, адилеттүү, билимдүү жана көрөңгөлүү (видение) болбосо, өлкөнү бат эле туңгуюкка алып келип такап коёрун, эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылынын ичиндеги 3 жолку төңкөрүштөр далилдеди.

Азыркы мезгилде биз өтө оор саясий, социалдык-экономикалык, тышкы саясий кризистерди башыбыздан кечирүүдөбүз. Бул системалуу, терең кризистен чыгуунун жөнөкөй, жеңил жолу жок. Кумтөр, “кустуруу”, авторитардык бир адамдын башкаруусу, саясий оппоненттерди куугунтуктоо өлкөбүздүн күн тартибиндеги маселелерди чече албайт. Тетирисинче, андан дагы тереңдетет. Бул процесске баарыңар күбө болуудасыңар”,- деп жазылат куттуктоосунда.

Ошондой эле Жээнбеков өнүккөн өлкө курабыз деген жарандарыбызга кайрылган: “Мен жогоруда айткан системалуу кризистен чыгып, келечектүү өлкө курабыз десек, баарыбыз, көпчүлүк авторитардык идеологиядан баш тартып, эркин, демократиялуу өлкө курууга багыт алышыбыз зарыл. 30 жылдан кийин болсо дагы кризистен чыгуунун бир гана жолу ушул жол. Башка жолубуз, тандообуз жок!

Эркиндик менен Демократия гана жакырчылыкты, жумушсуздукту, адилетсиздикти жеңүүгө, экономикалык өнүгүүнү, сапаттуу билим жана медициналык системаларын түзүүгө өбөлгө жана кепил боло алат.

Эркиндик менен Декмократиянын адилеттүү башкаруу, эгемендүү сот, бийликтен коомдун алдындагы отчёттуулугу, коомдун көзөмөлү, мыйзам үстөмдүгү, сөз эркиндиги жана күчтүү жарандык коом сыяктуу баалуулуктары жана принциптери, дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдү ийгиликке алып келген. Ишенем, биздин өлкөнү дагы алып келет.

Эркиндик менен Демократия гана бардык идеологияларга, бардык диндерге, ар кандай көз караштагы адамдарга бирдей шарт түзүп, бир өлкөдө жашоого мүмкүнчүлүк берет.

Баарыңарды Эгемендүүлүк күнүбүз менен куттуктап, билимдүү Улут, эркин жана демократиялуу Өлкө курууга кадам таштоого чакырам.

Президенттикке экс-талапкер, саясий туткун Р.Джеенбеков”

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты