Руслан Казакбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

  • 3 года мурун

Бүгүн 30-августта КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу Швейцария Конфедерациясынын КРдагы элчиси болуп дайындалган Оливье Бангертерди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Казакбаев Бангертерди бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар алдыдагы эки тараптуу иш-чаралар боюнча маселелерди талкуулашты, анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө көңүл бурушту. Өнөктөштөр 2022-2025-жылдарга карата Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясын өзүнчө талкуулашты.

Жолугушуунун аягында министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө даярдыгын билдирди жана элчини КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты