БШК: Саясий партиялар 3-сентябрга чейин ЖК шайлоосуна катышуу тууралуу билдирүү бериши керек

  • 3 года мурун

28-ноябрга дайындалган Жогорку кеңешке шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн саясий партиялар 3-сентябрга чейин бериши керектигин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

«Шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү дайындалгандан кийин 5 күн ичинде КР мыйзамына ылайык, саясий партиялардан талап кылынган шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын жана маалыматын көрсөтүү менен БШКга шайлоого катышуу тууралуу билдирүү бериши керек»,-деп айтылат маалыматта.

БШКдан белгилегендей, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар укуктуу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты