Мас абалда рулга отургандар көп болууда

  • 3 года мурун

Чүй облусунда тогуз күндүк текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочулардын көбү автоунааны катуу ылдамдык менен айдап, жол эрежесин бузган 945 учур катталды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун коргоо боюнча аталган облустун башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тартип коргоочулар 21-29-август аралыгында рулда отургандарды текшергенде жолдо жүрүүнүн эрежеси 3012 ирет бузулган.

Жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

  • 59 айдоочу ичип алып рулга отурган;
  • 945 киши катуу ылдамдык менен жүргөн;
  • 34ү тиешелүү документсиз айдап жүргөн;
  • 88 автокөлүк айып короого токтотулган.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун коргоо боюнча башкармалыгы рулга отургандарды жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузбоону суранды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты