“Манас Ордо” комплексинде “Урааным Манас!” театрлаштырылган спектакли коюлду — фоторепортаж

  • 3 года мурун

29-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында, Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук комплексинде «Урааным Манас!» театрлаштырылган спектакли коюлду.

Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин эң маанилүү тарыхый эпизоддорун, Айкөл Манас, Алымбек датка, Шабдан баатыр, Курманжан датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу мамлекеттүүлүктүн жана көз карандысыздыктын калыптанышына салым кошкон улуу баатырларды жана көрүнүктүү инсандарды чагылдырган чоң театрлаштырылган спектаклин көрдү.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы кыргыз элинин эгемендүүлүк тууралуу кыялдары жер соорусу атыккан Талас жергеси жана Манастын ыйык руху менен байланыштуу экенин кошумчалады.

Иш-чара атамекендик эстрада өкүлдөрүнүн гала-концерти менен жыйынтыкталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты