УКМК: Патрулдук милиция бөлүмүнүн үч кызматкери кармалды

  • 3 года мурун

А.Ч. аттуу жарандын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, «КР УКМК Бишкек ШИИБнин Патрулдукмилиция бөлүмүнүн кызматкери А.Ч. аттуужаранды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда, Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн 3 кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылган.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Эскерте кетсек, каргаша 27-август күнү болжол менен саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон. Toyota RAV4 автоунаасы менен каршы тилкеде келе жаткан айдоочуну Д.Ж. аттуу инспектор токтоткон. Андан кийин милиция кызматкери менен айдоочунун ортосунда жаңжал чыгып, милиция кызматкери А.Ч аттуу 32 жаштагы жаранды көкүрөк тушка атып алган. Айдоочу алган жараатынан улам ошол жерде көз жумган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты