Журналисттик иликтөөдөн кийин ПЧР-тестти жасалмалоого шектүүлөр кармалышты

  • 3 года мурун

Чүй облусунда ПЧР-тестти жасалмалоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-августта интернет желелерине Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар тарабынан ПЧР-тесттин жыйынтыктарын жасалгалоо боюнча журналисттик иликтөө чыккан. Иликтөө «Али Токтакунов МедиаХабынын» журналисттери тарабынан жасалган.

Аталган иликтөө милиция кызматкерлери тарабынан териштирилип, Аламүдүн райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 359-беренеси (“Документтердин жасалмасы”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жогорудагы материалдардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында журналисттик иликтөөдөгү эркек кишилердин өздүгү такталып, колго түшүрүлгөн. Алар 1996-жылы туулган А.Б. жана Б.А. аттуу жарандар болушкан. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Алдын ала териштирүү учурунда шектүүлөрдүн бири көзөмөл-өткөрмө жайлардын биринде такси айдап иштеп, кардарларды таап жүргөн. Ал эми экинчиси оорубагандыгы тууралуу ПЧР-тесттин жыйынтыгын даярдап келген. Кардар таап жүргөн шектүү 1 миң 300 сом алса, калган акчаны экинчи шектүү алып жүргөнү маалым болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты