Кара-Суу районундагы суудан адамдын cөөгү табылды

  • 3 года мурун

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Нариман айылындагы Өзгөн каналынын жээгинен эркек кишинин сөөгү табылды.


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жансыз дене сууда жаткандыгы тууралуу 102 кызматына билдирүү түшкөн.

Жерине үч куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты