Ализа Солтонбекова: Баткенде чек ара чырынан жабыркаган мектептер сентябрда пайдаланууга берилет

  • 3 года мурун

Кыргызстандагы бардык мектептер жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.


Анын айтуусуна караганда, Баткендеги чек ара чырынан талкаланган социалдык объекттердин курулуш иштери толук жүрүп жатат. «Баардык билим берүү мекемелери: мектептер, балдар бакчасы сентябрга даяр болот», — деди ал.

Солтонбекова кошумчалагандай, аталган маселе архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, 28-апрелде “Головной” суу бөлүштүрүүчү станциясында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, көп өтпөй бул куралдуу кагылышууга айланган. Жалпы жонунан Баткен облусунун аймагында 136 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты