Бишкекте эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата “Достук” фестивалы болот

  • 3 года мурун

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте этностор аралык достук фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Эски аянтка уюштурулган иш-чара «Кыргызстан — менин мекеним!» деп аталып, ага өлкөдөгү бардык улуттун өкүлдөрү катышат. Өнөрпоздор өз талантын тартуулап, майрамдык парадда басышат. Ошондой эле көргөзмө, жарманке дагы болоору күтүлүүдө.

Иш-чараны Маданият министрлиги президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргызстан элинин ассамблеясы менен биргеликте өткөрмөкчү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты