Кабул аэропортунун жанындагы эки жардыруудан ондогон киши каза болду

  • 3 года мурун

26-августта Афганистандагы Кабул аэропортунун жанында эки жардыруу болду. Жардыруудан кеминде 60 киши, АКШнын 12 аскери да мерт кетип, дагы 140тан ашуун киши жарадар болгонун Афганистандын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Каза болгондордун арасында жаш балдар да болгон.

CNN телеканалы булактарга таянып, жардыруу аэропорттун кире бериштеринин биринде Батыштык бир катар мамлекеттер Ооганстандан өз жарандарын жана жергиликтүү өнөктөштөрүн алып кетип жаткан маалда болду. Телеканалдын маалыматы боюнча, жардырууну жанкечти жасаган.

Кийинчерээк экинчи жардыруу Кабул аэропортуна жакын жайгашкан Барон мейманканасынын жанында болгон.Эки кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» радикал тобунун жоочулары өзүлөрүнө алганы кабарланды.

Белгилей кетсек, 15-август күнү, «Талибан»* кыймылы борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн. Андан соң, Афганистандын бир катар жарандары жана чет өлкөлүк жарандар Афганистандан чыгып кетүү үчүн Кабул аэропортуна бара башташкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты