Казакстандын аскер кампасында жарылуу болуп, 30дан ашуун адам жабыркады

  • 3 года мурун

Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда аскердик бөлүктүн кампасында жарылуу болду. Бул тууралуу республиканын Коргоо министрлигинин сайтында маалымдалды.


“Жамбыл облусуна караштуу Байзак аймагындагы аскер бөлүктө саат 19:00дөр чамасында кампалардын биринде өрт чыккан. Анын кесепетинен белгисиз каражаттар жарылган. Жерине өрт өчүрүүчүлөр тартылды”, — деп айтылат маалыматта. Бөлүм ал жерде негизинен инженердик жана аскердик ок -дарылар сакталып келгенин белгилешти.

Акыркы маалыматтарга караганда, өрттүн бир бөлүгү өчүрүлдү, жалпысынан алты жарылуунун үнү чыгып, эң катуу болгону видеого тартылып калган.

Кырсык катталган жерге жакын жашаган жергиликтүү тургундар коопсуз жайларга эвакуацияланды. Азыркы учурда кырсыктан 30 дан ашуун адам жараланганы айтылып, жарылуунун себептери териштирилип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты