Өлкө башчы Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жаңы курамын бекитти. Кимдер кирет?

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

— Кыргыз Республикасынын Президенти — коопсуздук кеңешинин төрагасы;

— Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары (Таалатбек Масадыков);

— Коопсуздук кеңешинин катчысы (Марат Иманкулов);

— Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:

— Жогорку Кеңештин төрагасы (Талант Мамытов);

— Министрлер кабинетинин төрагасы (Улукбек Марипов);

— Президенттин администрация башчысы (Сүйүнбек Касмамбетов);

— мамлекеттик катчы (Чолпонбек Абыкеев);

— башкы прокурор (Курманкул Зулушев);

— коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси (Таалайбек Өмүралиев);

— тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси (Руслан Казакбаев);

— өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси (Бообек Ажыкеев);

— ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси (Улан Ниязбеков);

— улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси (Камчыбек Ташиев).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты