Кыргызстанда 15-сентябрдан тартып окуу процесси салттуу режимде өтөт

  • 3 года мурун

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелериндеги окуу процесси оффлайн-режиминде өтөт. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев белгилегендей, өлкөнүн билим берүү уюмдары 2021-2022-жаңы окуу жылына салттуу режимине даяр жана окуу процесси санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөт.

Белгилей кетсек, оффлайн-режиминде окутууну баштоонун маанилүү шарттарынын бири –билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин 70%ын эмдөө. Бүгүнкү күнгө карата 55,8 %ы COVID-19га каршы эмделген, бул 61 миң 457 адам.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов коллективдүү иммунитетин түзүү үчүн эмдөөнүн жүрүшүн күчөтүүнү жана пайызды 70 %га жеткирүүнү, ошондой эле окуучулардын жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты