Казакстандан мыйзамсыз мал алып келе жаткандар чек арадан кармалды

  • 3 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан жүздөгөн мал жана башка товарларды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Кызматкерлер мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктуларынан тиешелүү уруксат берүүчү документи жок мал-жандык жана башка товарларды аныкташкан.

  • «Ак-Тилек» товарларды эсепке алуу пунктунан 272 баш кара мал, 910 баш майда жандык, 22 тонна улпак, 22 тонна арпа, 22 тонна түтүк, 9 тонна минералдык плиталарды жана көчмө мончо алып келе жаткан жүк ташуучу унаалар кармалган;
  • «Чалдыбар» пунктунан 69 баш жылкы, 15 баш бодо мал, 15 тонна тоок жумурткасын, 2 бирдик автотранспорттук каражат жана гигиеналык каражаттарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлган;
  • «Ак-Жол» пунктунан 2 тонна чай, 2 тонна малдын майын жана чогултулган жүктү ташып бара жаткан унаа кармалган.

Бардык импорттоочулардын товар алып келүүгө уруксат кагаздары болгон эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты