Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди

  • 3 года мурун

Мамлекет башчы Садыр Жапаров «Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, президент Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт. Ага ылайык, Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди.

Курамы:

  • Кыргызстандын президенти — Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
  • Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
  • Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү:
  • Жогорку Кеңештин төрагасы;
  • Министрлер кабинетинин төрагасы;
  • Президенттин администрация башчысы;
  • мамлекеттик катчы;
  • башкы прокурор;
  • коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты