Кыргызстан волейбол боюнча Азиянын жогорку деңгээлдеги мелдешине катышат

  • 3 года мурун

Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы зоналык Азиянын 2021-жылдагы финалдык раундундагы мелдешке катышат. Маалыматты өлкөнүн аталган спорт боюнча федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев Sputnik Кыргызстанга тастыктады.

Анын айтымында, чөлкөмдүн борбордук зонасындагы мыкты алты команданын арасындагы Азия чемпионаты Иранда өтөрү белгиленген.

«Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде жогорку орундарда турган Иран, Индия, Пакистан, Шри-Ланка, Казакстан сыяктуу командалар менен ат салышат. Мындай жогорку деңгээлдеги турнирге улуттук курама команда алгачкы ирет чакырылууда. Мелдеш Иранда болору белгиленген. Учурда алар жаштар арасында дүйнө чемпионатын өткөрүп жатканына байланыштуу биз катыша турган мелдеш кийинкиге жылдырылган», — деди Сарбагишев.

Эске салсак, Кыргызстандын улуттук курама командасы 2017-жылы Мальдив аралдарында өткөн зоналык Азия мелдешинде жана 2019-жылы Непалда болгон турнирде чемпион болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты