COVID-19: 229 учуру катталды. 4 бейтап каза тапты

  • 3 года мурун

2021-жылдын 25-августуна карата Кыргызстанда COVID-19дун 229 жаңы учуру катталды.

Анын ичинде:

Бишкек — 102

Ош шаары — 7

Чүй облусу – 46

Ош облусу – 8

Талас облусу — 3

Нарын облусу — 12

Ысык-Көл облусу – 27

Жалал-Абад облусу – 14

Баткен облусу — 10

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 174 576ге жетти. Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны – 444 киши. Айыгып чыккандардын жалпы саны — 167 590 киши.

Каза болгондор — 4. Өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны – 2498. . Стационарда 1260 жана амбулатордук түрдө 1794 бейтап дарыланып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты