Аскер кызматчыларынын маянасы 40%га көтөрүлөт

  • 3 года мурун

2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү каралган. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта, президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.


Президент белгилегендей, министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө” токтомунун долбоору даярдалган. «Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү пландаштырылып каралган», — деди ал.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта аскер кызматчылардын өтөгөн кызматынын 1 жылы эми 1,5 жыл деп эсептелери, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын 1 жылы 2 жылга тете деп эсептелери белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты