Төө-Ашууда жол оңдоо иштери уланууда. Жолдор мезгил-мезгили менен жабылат

  • 3 года мурун

2021-жылы 23-августтан 23-сентябрга чейин Төө-Ашуу ашуусундагы тоннель желдетүү тутумун оңдоо иштерине байланыштуу мезгил-мезгили менен жабылып турат. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Бишкек – Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясы 2021-жылы 23-августтан 23-сентябрга чейин Бишкек – Ош жолунунун 129-500 чакырым аралыгындагы Төө-Ашууда жайгашкан тоннель желдетүү тутумун оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу мезгил-мезгили менен жабылып турарын эскертет”,-деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 23-августунан 23-сентябрына чейин вентиляция тутумун профилактикалык тейлөө учурунда К.Көлбаев атындагы туннель аркылуу унаалардын өтүшү:

1. 07-00-08-30 – оңдоо иштери (жабык болот);
2. 08-30 — 14-00 – унааларды өткөрүү (ачык);
3. 14-00 — 15-30 – оңдоо иштери (жабык);
4. 15-30 — 07-00 – унааларды өткөрүү (ачык).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты