“Шамбала” тасмасы Москвадагы “Будем жить” кинофестивалынын башкы сынагына кирди
- 3 года мурун
2021-жылы 27-августтан 3-сентябрга чейин Москвада салтка айланган Россия кино күнүнө жана Москва шаарынын күнүн майрамдоого арналган “Будем жить” 10-кинофестивалы өтөт.
kyrgyzcinema.com сайтындагы маалыматка ылайык, “Шамбала” тасмасы 29-августта саат 20:00дө Москва кино үйүнүн чоң залында көрсөтүлөт.
“Айтыш-фильм” киностудиясынын катышуусунда Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан тартылган “Шамбала” тасмасы Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестинин мотивинде тартылган.
Сценарийдин автору жана режиссеру – Артыкбай Сүйүндүков, оператору – Акжол Бекболотов жана Мурат Алиев, продюсери – Медер Сүйүндүков жана Элдияр Мадаким.
Башкы ролдордо: Артур Аманалиев (Шамбала), Назрет Дубашев (Момун чал), Талант Апыев (Орозкул), Жамилия Сыдыкбаева (Карыз чоң эне), Таалайкан Абазканова (Бекей жеңе).
Булак: kabar.kg