Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыгарылды

  • 3 года мурун

24-августта УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта, Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик бюджетке 50 миллион сом төлөгөнү жана ал тергөө аяктаганга чейин үй камагында боло турганы айтылды.

Абылгазиев 2021-жылдын 26-январында коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып, кармалган. УКМК анда Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен кармаган.

Биринчи май райондук соту 19-мартта баш коргоо чарасын карап, Абылгазиевди камакка калтыруу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, Абылгазиев 2018–2020-жылдары премьер-министр болуп иштеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты